USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев Астана шаарына келди

09:41, 02 ноября 2018, Бишкек - 24.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Билдирүүгө ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика