21:43
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамынын саны кыскартылды, бирок билеттин баасы өстү

Бишкек-Ош-Бишкек аба каттамынын саны кыскартылганы үчүн айрым жүргүнчүлөр коен болуп учуп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Айтмамат Назаров билдирди.

Айтымында, Кыргызстанда 11 аба майдан бар. Алардын 7өө жергиликтүү аба майдан. Бирок, учактар жок. Кыргызстанда 23 авиакомпания катталган, анда 17 учак бар. Бирок иш жүзүндө болгону 7 учагы бар 3-4 компания гана иштеп жатат.

«Күн сайын кандайдыр бир окуялар болуп турат. Акыркы учурда ички каттамдардын саны кыскарды, бирок билеттин баасы өстү. Биз Евросоюздун кара тизмесинен чыгууга аракет кылып жатабыз, бирок учактарыбыз жок болсо кантип аткарабыз? Учак сатып алуу үчүн каражат бөлүү керек. Адистердин айтымында, 20 миллион долларга 4-5 учак сатып алууга болот», -деди депутат. 

Эң көп окулган жаңылыктар