22:13
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Салыкты өз убагында төлөбөгөн 1 миңден ашык айдоочуга айып салынды

Салык кызматы бир айдын ичинде унаа салыгын өз убагында төлөбөгөн 1 миңден ашык айдоочуга айып салды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен Салык кызматы унаа салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча 405 рейд уюштурган. Анда салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 1 миллион 700 миң сом өлчөмүндө 1 миң 31 айдоочуга административдик жаза пул салынган.

Кошумчалай кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар