Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында кыргыздар 1980-жылдары жайгашкан. Аднан Мендерес Кутлунун түпкү теги- Ооганстан Памирин жердеген ичкилик кыргыздардан. Ал Ванга 1982-жылы үй-бүлөсү менен көчүп келген. Учурда эт сатып эмгектенген вандык кыргыз төрт баланы чоңойтту. Ал 24.kg агенттигине Вандык кыргыздардын жашоо-турмушу тууралуу айтып берди.
— Ата-энеңиз Памирлик кыргыздар экен, өзүңүз Кыргызстанга келдиңиз беле?
— Ооба, акыркы жолу 1993-жылы баргам.
— Ванды байырлаган кыргыздардын саны канча?
— Бүгүнкү күндө 4000 кыргыз жашайт. Түркия өкмөтү атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Бул жакта баардык үй-бүлө мүчөлөрү кыргызча сүйлөшөбүз. Тилекке каршы, мында кыргыз мектептери жок. Андыктан балдарыбыз жергиликтүү калктын тилинде билим алышат.
— Ванда отурукташып калганыңыздарга 36 жыл болуптур, каада-салтта өзгөрүүлөр болдубу?
— Салт-санаабызды унуткан жокпуз, ар дайым карманып келебиз. Той-топурлар, өлгөндү акыркы сапарга узатуу зыйнаты ошондой эле, эч өзгөргөн жок.
Улуттук оюндар, тамак-аш Кыргызстандагы кыргыздардан айырмаланбайт деле. Кой союу, боорсок жасоо, конок тосуу каада-салты сакталып калган.
— Кыргызстандан Вандык кыргыздарды атайын зыярат кылгандар көп элеби?
— Кыргызстандан бул жакка зыярат кылгандар көп. Сулайман Кайыпов, Кадыраалы Коңкобаев жана башка белгилүү тарых изилдөөчүлөр көп келишти. Консул жана элчилер дайыма кабар алып турушат.
Ванда дүйнөнүн ар тарабынан келген кыргыздар да бар.
— Бул жакта дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенишет.
Ван өрөөнүндөгү кыргыздардын арасынан Түркиянын армиясында жана полициясында кызмат кылган жигиттердин саны көп.
— Кыргызстан тууралуу кабар алып турасыздарбы?
— Маалыматты интернет аркылуу алабыз, кээ бир каналдарды көрөбүз. Мындагы кыргыздар куудул Абдылда Иманкулов, Күмөндөр Абылов жана төкмө акын Аалы Туткучевди жакшы көрөбүз. Айрыкча Аалы Туткучовго салам айткыла! Мен Ала-Тоонун карын сагындым, Бишкекти кыдырып жүргүм келет!