20:50
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Кызамык менен ооруган наристенин өлүмү тыкыр текшерилүүдө

Бишкекте жыл башынан бери кызамык менен ооругандардын бири каза болду. Бул тууралуу маалымат жыйында иммундаштыруу жана вакцинация республикалык борборунун адиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Айтымында, 7 айлык наристенин өлүмү тыкыр текшерилип жатат. «Каза болгон кыз башка оорулар менен дагы ооруп жүргөн», -деди ал.

Ал билдиргендей, кызамык бир жашка чейинки балдар үчүн кооптуу. Бул ооруну алдын алуу үчүн 1 жана 6 жашта эмдөө жүргүзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар