20:14
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Сооронбай Жээнбеков Түркияда UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияда UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов менен жолугушту. Бул тууралуу спортчунун атасы Абдулманап Нурмагомедов социалдык түйүнгө жазып сүрөтүн чыгарды.

Абдулманап Нурмагомедов Кыргызстанда аларды дайыма жогорку деңгээлде тосуп алышкандыктарын жазган. «Сооронбай Жээнбеков Нурмагомедовду UFS 229 жеңиши менен куттуктады. Баарлашуу абдан пайдалуу жана жемиштүү болду», — деп жазган спортчунун атасы.

Эске салсак, президент Стамбул шаарында Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар