16:10
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Нью-Йоркто Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун таймашы токтоду

Нью-Йорктогу атлетикалык комиссия UFC спорттук уюмунун кезектеги Нью-Йорк штатында өтө турган «UFC 249: Khabib vs. Ferguson» турнирин толугу менен токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул таймаштын токтошунун эң негизги себеби, АКШда коронавирустун күч алышы менен түшүндүрүлөт.

Бокс боюнча абсолюттук чемпиондорунун уюуму турнирдин өтүшү Саламаттыкты көзөмөлдөө борборунун сунуштары менен байланышта болбошу керек экенин маалымдады.

«Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун таймашы кандай кырдаал болбосун өтөт, жада калса АКШдан башка жерлерде дагы өткөрөбүз», — деп жарыялады  UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт. 

Эң көп окулган жаңылыктар