22:59
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Хабиб Нурмагомедовдун атасы, машыктыруучусу коронавирустун айынан көз жумду

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов узакка созулган оорудан улам көз жумду. Бул тууралуу Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн телеграм-каналына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Хабиб Нурмагомедовдун атасы Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумган.

«Мага кайгылуу кабар келди достор, Абдулманап Нурмагомедов бул дүйнө менен кош айтышты», — деп көңүл айткан.

Эске сала кетсек, 25-апрелде Абдулманап Нурмагомедовдун коронавирус илдетине карата Махачкаладагы оорукалардын бирине түшкөнү белгилүү болгон. Кийин анализ тапшырган, бирок анализинин жыйынтыгы тууралуу айтылган эмес. Көп өтпөй комага түшүп калган жана анын жүрөгүнө операция жасалган.

Жакында Хабиб Нурмагомедов атасынын абалы жакшырып калганын билдирген болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар