Орусиянын Новосибирск облусунан ата-энесинин камкордугунан ажыраган 4 наристе алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, балдар интернатка өткөрүлөт. Министрликтин кызматкерлери учурда аларды биологиялык үй-бүлөсү менен байланыштыруу боюнча иш алып барууда.
«Балдар ата-энесинин камкордугунан ар кандай себептерден улам ажыраган. Негизги себеби, дайыма жашай турган жайы жана иштеген иши жоктугуна байланыштуу, энелери баш тартышат», -деп жазылат маалыматта.
Министрликтин маалыматы боюнча, 2011-жылдан бери Кыргызстанга 89 бала алынып келинди.