«Жаңы күүлөр» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Комузчулардын чыгармачылыгын колдоо, улуттук музыкалык мурастарды өнүктүрүү жана жаңы чыгармалардын жаралышына шарт түзүү максатында республикалык «Жаңы күүлөр» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Сынактын алкагында комузчулар өздөрүнүн автордук жана буга чейин жарыяланбаган күүлөрүн тартуулашты. Калыстар тобунун баалоосунун негизинде мыкты деп табылган чыгармалар аныкталып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Кароо-сынактын жыйынтыгында:
- Баш байге— Эмилбек Ишенбек уулу (150 000 сом);
- I орун— Зайнидин Иманалиев (100 000 сом);
- II орун— Бек Алагушов жана Элеман Каныбеков (ар бирине 80 000 сомдон);
- III орун— Рысбек Жунушев жана Эрбол Абдраимов (ар бирине 70 000 сомдон);
- Кызыктыруучу сыйлык— Бейшенбек Сыдыков жана Рысбек Жунушев (ар бирине 50 000 сомдон).
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Дайырбеков катышты.
Мындан тышкары, маданият, искусство жана кино тармактарында үзүрлүү эмгектенип, өлкөнүн маданий турмушунун өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамоталары жана «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгилери тапшырылды.