USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бишкек шаардык театрынын декабрь айына карата репертуары

08:04, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Декабрь айында А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында көрүүчүлөргө үч спектакль сунушталат. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-6-декабрь күндөрү саат Жан-Батист Мольердин «Тартюф» комедиясынын премьерасы орус тилинде көрсөтүлөт. Спектаклдин режиссер-коюучусу Россиядан келген Татьяна Захарова.

Ал эми 12-13-декабрда Нина Мазурдун «Я — Эдит Пиаф» аттуу моноспектакли тартууланат. Режиссеру — Александр Панин (Россия), башкы ролду актриса Накинай Дыйканова аткарат.

Мындан тышкары, 24-25-декабрь күндөрү балдар жана ата-энелер үчүн «Жаңы жылдык жоруктар» аттуу майрамдык программа уюштурулат. Кичинекей көрүүчүлөрдү жомок каармандары менен жолугушуу, андан соң Аяз ата жана Аяз кыздын катышуусундагы балаты майрамы күтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18