«Бишкек+25» II Дүйнөлүк тоо саммитине даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өнөктөштүгү менен М. Фрунзе атындагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн музейи «Тоолор жана адамдар» Тоолуу Кыргызстандын жаратылышы, салт-санаасы жана турмушу фотообъективде аттуу фотосынак жарыяланды.
Сынактын негизги максаты — тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүгө болгон укугуна коомчулуктун көңүлүн буруу, ошондой эле фотография жана медиаискусство аркылуу коомдук диалогду өнүктүрүү жана экологиялык күн тартибин илгерилетүү.
Фотосынакка фотографтар, сүрөтчүлөр, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана тоолуу аймактардын жашоосун, жаратылыш байлыктарын, экологиялык көйгөйлөрүн жана туруктуу өнүгүү келечегин сүрөт аркылуу чагылдырууга кызыкдар бардык жарандар катыша алышат.
Өткөрүү мөөнөтү: 2026-жылдын 23-ноябрынан 11-декабрына чейин.
Арыздарды кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 6-декабры.
Жеңүүчүлөр төмөнкү сыйлыктар менен сыйланат:
- Баш байге — фотоаппарат;
- I орун — ноутбук;
- II орун — планшет;
- III орун — планшет.
Сынакка катышууну каалагандар атайын каттоо формасын толтуруп, сынактын шарттары менен таанышуусу зарыл.