Мирбек Атабеков ишкерликтен 350 миң доллар жоготконун айтты
Кыргыз Эл артисти Мирбек Атабеков бизнестеги ийгиликсиз инвестициялары тууралуу айтып берип, анын айынан олуттуу каржылык кыйынчылыктарга туш болгонун билдирди. Zaman Podcast берүүсүндөгү маегинде ал коммерциялык долбоорго 350 миң долларга жакын каражат салганын, бирок акыры ал ишке ашпай калганын айтты.

Ырчынын айтымында, кошумча киреше булагына ээ болуу үмүтү менен ал топтогон каражатын бизнеске инвестициялоону чечкен.
«Мен болжол менен 350 миң доллар салгам. Бул концерттерден тапкан акчам болчу. 12 күн катары менен концерт берип, ушул каражатты чогулткам», — деди Мирбек Атабеков.
Ал долбоор муниципалдык маселелерге байланыштуу болгонун белгилеп, бирок чоо-жайын ачыктаган жок.
Артист үчүн жагдайлардын дал келип калышы өзгөчө оор тийген. Дале мамлекеттик сыйлык алган күнү ал бизнес-пландары ишке ашпай калганын билген.
«Бир жагынан баары мени сыйлык менен куттуктап жатышат, экинчи жагынан — ири суммадагы акча салган пландарым ишке ашпай калды. Бул чыныгы сокку болду», — деп бөлүштү Мирбек Атабеков.
Ал болуп өткөн окуяны турмуштук сыноо катары кабыл аларын жана оптимизмин жоготпоого аракет кылып жатканын айтты.
Ошол эле учурда артист бул анын ишкердик менен алектенүүдөгү биринчи ийгиликсиз аракети эмес экенин мойнуна алды.
«Ачык айтсам, Кыргызстанда туруктуу бизнесим жок. Мен көп жолу бизнес кылууга, акционер болууга, ар кандай долбоорлорго акча салууга аракет кылдым, бирок бардык жерде ийгиликсиздикке учурадым», — деп белгиледи ырчы.
Мирбек Атабековдун айтымында, ишкердик чөйрөсүндө ал башка адамдардын алдамчылыгына да туш болгон.
Бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин артист өзүндө жетиштүү тажрыйбасы бар жана ишинен ырахат ала турган тармакка — чыгармачылыкка гана көңүл буруу оң деген тыянакка келген.
Ырчы ошондой эле үч баласы менен көбүрөөк убакыт өткөрүү үчүн сахнадан тышкары туруктуу киреше табууну каалаарын жашырган жок.
Бирок Мирбек Атабеков салган 350 миң долларынын жок дегенде бир бөлүгүн кайтарып алганын же бул каражат биротоло жоголгонун тактаган эмес.