Жомок дүйнөсү: Бүгүн сүрөт музейинде «Мажар эл жомоктору» көргөзмөсү ачылат
Бүгүн, 28-октябрда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз Республикасындагы Мажарстан элчилиги тарабынан уюштурулган «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын иллюстрациялар көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көргөзмө мажар элинин элдик жомокторун, каада-салтын жана маданий мурасын анимация искусствосу аркылуу таанытууга багытталган. Келүүчүлөр сериалдын көркөм кадрлары менен таанышып, мажар фольклорунун өзгөчөлүктөрүн жана анын көркөм дүйнөсүн көрө алышат.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-ноябрында саат 14:30дан 17:30га чейин музейдин кинозалында венгер анимациялык фильмдеринин көрсөтүүсү уюштурулат. Программага XX кылымдагы мажар анимациясынын белгилүү өкүлдөрүнүн чыгармалары киргизилген.
Тасмалар субтитрсиз жана дубляжсыз көрсөтүлөт.
Көрүүчүлөргө визуалдык баяндоого жана көркөм образдарга негизделген анимациялык чыгармалар сунушталат.