U-23: Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркияда Россия менен беттешет
Түркиянын Деринже шаарында Кыргызстан менен Россиянын жаштар курама командаларынын (U-23) ортосунда эки жолдоштук беттеш өтөт. Бул тууралуу россиялык команданын басма сөз кызматы билдирди.
Оюндар командалардын окуу-машыгуу жыйындарынын бир бөлүгү болуп саналат. Ошол эле учурда, Түркияга учар алдында россиялык футболчуларда кичинекей кыйынчылык жаралган: биринчи рейс токтотулуп, бирок жыйынтыгында билеттер алмаштырылып, курама команда жыйындарга жөнөп кеткен.
Ал эми Кыргызстандын улуттук курама командасы өзүнүн окуу-машыгуу жыйындарын Вьетнамда өткөрүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен кабарлашты.
Намдинь шаарында Кытай Тайбэйи жана Вьетнамдын курама командалары менен да жолдоштук беттештер өтөт. Оюндар 13 жана 15-ноябрда VFF International Friendly Cup — 2026 эл аралык турниринин алкагында болот.