Golden Boy — 2026: Пау Кубарси Евпопанын эң мыкты жаш футболчу сыйлыгын алды
«Барселона» клубунун коргоочусу Пау Кубарси (19 жашта) 2026-жылкы Golden Boy сыйлыгынын ээси болду. Бул тууралуу «Бомбардир» басылмасы жазып чыкты.
Сыйлык эксперттик калыстар тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Европанын эң мыкты жаш оюнчусуна ыйгарылат. Сыйлык тапшыруу аземи декабрь айында Турин шаарында өткөн.
Кубарсиден тышкары, сыйлыктын 25 финалистинин катарына «Барселонанын» дагы эки оюнчусу — Марк Берналь жана Хави Эспарт кирди. Ошондой эле талапкерлердин арасында Диоманде, Буадди, Эндрик, Эстевао, Мастантуоно, Льюис-Скелли жана Престианни бар эле.
Өткөн сезондо Кубарси Испания чемпионатында 31 матч өткөрүп, бир гол киргизген. «Барселонанын» курамында ал Испаниянын Суперкубогун жана Ла Лиганы уткан, ошондой эле Испаниянын курама командасы менен дүйнө чемпиону болгон.
Golden Boy сыйлыгы 2003-жылдан бери Италиянын Tuttosport гезити тарабынан берилип келет. Катышуу үчүн оюнчу 21 жашка толук эмес болууга тийиш. Эреже боюнча футболчу бул сыйлыкты карьерасында бир гана жолу ала алат. 2025-жылы бул сыйлыктын ээси «ПСЖнын» вингерлеринин бири Дезире Дуэ болгон.