Жаш манасчылардын республикалык сынагы жыйынтыкталды: Жеңүүчүлөр аныкталды
Кыргыз улуттук «Манас» театрында залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, манасчылык өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулду.
Байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Баш байге: Кутман Садыбакасов
- I орун: Акматбек Султан уулу
- II орун: Асылбек Маратов
- III орун: Темирбек Матыбаев
- Атайын сыйлыктар: Чыңгызхан Кожошев жана Жылдызбек Төрөканов.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон төкмөлүк өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, залкар манасчы Мамбет Чокморовдун чыгармачылык мурасын даңазалоо, ошондой эле жаш муунду улуттук баалуулуктарды урматтоого үндөө.
Республикалык айтыш төкмөлүк өнөрдүн өнүгүшүнө, акындардын чыгармачылык дараметин арттырууга жана кыргыз элинин бай маданий мурастарын сактап, кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү маданий иш-чара болуп саналат.