USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагынын тандоо туру аяктады

08:04, 13 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз улуттук «Манас» театрында залкар манасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган 30 жашка чейинки манасчылардын республикалык кароо-сынагынын тандоо туру аяктады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу, манасчылык өнөрдү жайылтуу жана өнүктүрүү, жаш таланттарды колдоо максатында уюштурулду.

Тандоо туруна 10 жаш манасчы катышты. Биринчи айлампада алар «Манас» эпосунан эркин темада 3–5 мүнөттүк үзүндүлөрдү айтышты. Катышуучулардын аткаруучулук чеберчилиги, манасчылык өнөрдү өздөштүрүү деңгээли жана айтуучулук өзгөчөлүктөрү калыстар тобу тарабынан бааланды.

Кароо-сынактын катышуучулары:

  • Узэрбек Анарбеков
  • Уларбек Мирланов
  • Мирлан Абдалиев
  • Нурдан Кубанычбеков
  • Бекжан Базарбаев
  • Жасмин Турусбекова
  • Касымбек Бердикулов
  • Жумабек Исаев
  • Акдана Чойбекова
  • Баймырза Асангулов

Иш-чара жаш муундардын арасында манасчылык өнөргө болгон кызыгууну арттырууга, таланттуу айтуучуларды колдоого жана улуттук руханий мурасты кийинки муундарга жеткирүүгө багытталган.

Кароо-сынактын кийинки айлампасы 2026-жылдын 22-октябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18