USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Жаңы шахмат падышасы ким болот? Экинчи партияда кайрадан тең чыгышты

09:16, 26 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

140 жылдын ичинде алгачкы жолу шахмат таажысы үчүн эң жаш беттеш өтүүдө.Жыйырма жаштагы гроссмейстерлер дүйнө чемпиону наамын талашып жатышат. КечээЖеневадагы биринчи партия тең чыгуу менен аяктаган. Ал эми экинчи партия дагы кайрадан тең чыгышты.

Шахмат боюнча дүйнө чемпиону наамы үчүн беттештин экинчи партиясында эми индиялык шахматчы ак фигуралар менен ойноду. Беттештин жалпы эсеби 1:1 болду. Үчүнчү партия бүгүн, 26-ноябрда өтөт.

Эске салсак, Гукеш 2024-жылдын декабрында мурунку дүйнө чемпиону, кытайлык Дин Лижэнь менен болгон беттеште жеңип алган титулун коргоодо.

Ал эми Синдаров ушул жылдын март–апрель айларында Кипрде өткөн талапкерлер турниринде бир дагы партияда жеңилбестен жеңүүчү аталган.

Ойноо тартибин эске салабыз.Беттеш классикалык убакыт көзөмөлү менен 14 партияга созулат: алгачкы 40 жүрүшкө 120 мүнөт, андан кийин ар бир жүрүштөн кийин 30 секунд кошуу менен дагы 30 мүнөт берилет. Шахматчылардын бири 7,5 упай топтосо, беттештин жеңүүчүсү мөөнөтүнөн мурда аныкталышы мүмкүн. Беттеш тең чыгуу менен аяктаса, жаңы дүйнө чемпионун тай-брейк аныктайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18