Кыргызстандагы футбол мелдештеринин байге фонду кыйла жогорулады
Быйыл улуттук турнирлердин байге фонду кыйла көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл башында өлкөдөгү негизги футболдук клубдук мелдештердин байге фондуна 495 миң доллар бөлүнгөн.
Жыйынтыгында кандай бөлүштүрүлгөн?
- Жогорку лига клубдары арасындагы чемпионатынын жалпы байге фонду 220 миң долларды түзгөн.
- Чемпион болгон командага 100 миң доллар,
- Экинчи орунду алган командага 70 миң доллар,
- Үчүнчү орунга татыган командага 50 миң доллар ыйгарылган.
- Өлкө Кубогунун ээси үчүн 70 миң доллар.
- Суперкубок үчүн 50 миң доллар.
Жогорку лиганын клубдарынын экинчи курамдары арасындагы чемпиондук үчүн жалпы байге фонду 100 миң доллар каралган. Биринчи орун — 50 миң доллар, экинчи орун — 30 миң доллар, үчүнчү орун — 20 миң доллар.
Жаштар лигасынын чемпиондугунун жалпы байге фондуна 55 миң доллар бөлүнгөн. Биринчи орун — 25 миң доллар, экинчи орун — 15 миң доллар, үчүнчү орун — 10 миң доллар, төртүнчү орун — 5 миң доллар.
2024-жылы байге фонду 100 миң долларды түзсө, 2025-жылы ал 230 миң долларга чейин көбөйгөн.