Испания курамасынын курамында дүйнө чемпиону болгон «Атлетик» клубунун голкипери Лев Яшин атындагы сыйлыкты жеңип алды.
Ал Англиянын борбору Лондондо «Алтын топ-2026» сыйлыгын тапшыруу аземинде белгилүү болду.
Испания курамасынын 29 жаштагы оюнчусу жайында «кызыл фуриянын» курамында дүйнө чемпиону болгон. Турнирде ал болгону бир гол өткөрүп жиберген.
Сыйлык үчүн күрөштө Симон Тибо Куртуа («Реал»), Эмилиано Мартинес («Челси»), Матвей Сафонов («ПСЖ») жана Давид Раяны («Арсенал») артта калтырды.
Аялдар арасында «Барселонанын» өкүлү Ката Колль мыкты дарбазачы болду.