USD87.45EUR95.88RUB1.07
24.kg

UFC чемпиону Ислам Махачев Кыргызстанга келди

14:57, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg

UFСнин жарым орто салмактагы азыркы чемпиону Ислам Махачев Кыргызстанга келди.

Спортчунун аэропорттогу сүрөттөрүн Alatoo Park турак жай комплексинин баракчасы «Кош келдиң, өнөктөш!» деген жазуу менен жарыялады.

4476449.3275b03d1a6a005c2ae131badd27230c.jpg

Ислам Махачевдин Кыргызстанга сапарынын максаты азырынча кабарлана элек. Тастыктала элек маалыматтарга караганда, ал «Бишкек Аренанын» ачылышына катышуусу мүмкүн.

Эске салсак, Ислам Махачев — орусиялык ММА мушкери жана UFСнин жарым орто салмактагы азыркы чемпиону.

2026-жылдын августунда Иэн Мачадо Гэррини жеңип, чемпиондук курун биринчи жолу коргогон.

Буга чейин жеңил салмакта UFC чемпиону болгон. Титулду 2022-жылы жеңип алып, төрт жолу коргогон. Карьерасында 29 жеңишке жетишип, бир жолу жеңилген. ошондой эле ачык самбо боюнча дүйнө чемпиону жана Орусиянын эки жолку чемпиону.

Блок YouTube

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18