USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

U-23: Юхан Догдурбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш медал алды

08:30, 19 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Юхан Догдурбек уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ал 61 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда кытайлык Бая Жилиангды 5:4 эсебинде жеңген. Жарым финалдык беттеште армениялык Саркис Бегоян менен килемге чыгып, атаандашын 10:8 эсебинде утуп, финалда АКШнын спортчусу Бенжамин Адам Давиного 4:1 эсебинде утулуп калды.

Жыйынтыгында ал күрөш боюнча U-23 дүйнө чемпионатынын күмүш медалын алды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18