USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Түрк дүйнөсүнүн акын– жазуучулары Түркиянын Кайсери шаарында жолугушат

08:04, 14 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Түрк дүйнөсүнөн келген 33 акын жана жазуучү II Түрк дүйнөсүнүн акын жана жазуучуларынын жолугушуусу Кайсери шаарындаөтөт. Бул тууралуу Түркиянын ЖМКлары жазууда.

Талас муниципалитетинин меймандостугунда, Маданият жана туризм министрлиги, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин төрагалыгы (TİKA), Түрк тил куруму жана Түрк адабияты фондунун кызматташтыгыменен уюштурула турган иш-чара 15-17-октябрь күндөрү өткөрүлөт.

Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен катар Азербайжан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Башкырстан, Татарстан, Грузия, Россия, Түндүк Македония, Гагауз жана Керкүк-Түркмөнэлинден катыша турган акындар жана жазуучүлөр түрк дүйнөсүнүн адабий жана маданий мурасын бириктиришет.

Үч күн улануучу программанын алкагында көргөзмө, ыр кечеси жана концерттик иш-чаралар уюштурулат. Бул жолугушуу аркылуу түрк дүйнөсүндөгү адабий жана маданий байланыштарды чыңдоо максат кылынууда.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18