USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Театр ALL-2026: «Жамийла» спектакли эл аралык фестивалда II орунду ээледи

08:19, 09 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын «Жамийла» спектакли Астана шаарында өткөн «ТеатрALL» эл аралык театр фестивалында II орунду ээледи.Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, режиссер Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган спектакль «Мыкты актердук ансамбль» номинациясында II орунга татыктуу болуп, 800 миң теңге өлчөмүндөгү акчалай сыйлык менен сыйланды.

HTML/iframe блок

Быйыл фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан жалпы 16 спектакль катышып, көрүүчүлөргө аталган өлкөлөрдүн театр жамааттарынын чыгармачылык эмгектери тартууланды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18