«Тажикстан президентинин кубогу»: Өлкөдөгү жаш шахматчылар мелдешке катышат
Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы «Тажикстандын Президентинин кубогу» экинчи эл аралык турнирине катышуу үчүн Душанбе шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу Кыргыз шахмат союзунан билдирди.
Маалыматка ылайык, кадыр-барктуу мелдештер 2026-жылдын 9-ноябрынан 17-ноябрына чейин өтөт жана ага дүйнөнүн 15 өлкөсүнөн 300гө чукул эң күчтүү жаш оюнчулар чогулат.
Ата мекендик делегациянын барышы жана спортчулардын эл аралык мелдешке катышуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Фондунун каражаттарынын эсебинен толугу менен каржыланды.
«Финансылык каражаттардын өз убагында бөлүнүшү биздин командага турнирге толук курамда жөнөп кетүүгө мүмкүндүк берди. Мындай мамлекеттик колдоо жаш шахматчылар үчүн чоң стимул болуп, алардын алдында чоң спорттук келечекти ачат», — деп белгилешти Кыргыз шахмат союзунан.