Талас шаарындагы «Талас Арена» стадионунун ачылыш аземи 2-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Уюмдун маалыматы ылайык, бул күнү Жогорку лиганын 29-турунун алкагында Таластын «Азия» жана Беш-Күңгөйдүн «Талант» клубдары ортосунда беттеш өтөт. «Талас Арена» жаңы түзүлгөн «Азия» футбол клубунун үй стадиону болуп калат.

Белгилей кетсек, заманбап талаптарга жооп берген жаңы стадион 5000 ашуун көрүүчүгө ылайыкталган. Стадиондун негизги оюн талаасы табигый чөп менен жабдылып, анын айланасында чуркоо жолдору курулган.
Ошондой эле стадионго караштуу аймакта жасалма чөп төшөлгөн машыгуу талаасы, үч кичи оюн аянтчалары, воркаут жана фудкорт аянтчалары жайгашат.
Комплекстин аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, унаа токтотуучу жай курулду. Үч кабаттуу трибуналардын алдында спортчулар үчүн кийим алмаштыруучу жана функционалдык бөлмөлөр, жатакана, тамактануучу жай, конференц-зал жана административдик бөлмөлөр, фитнесс-залы орун алды.
Мындан тышкары, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, телеберүү адистери жана беттештин расмий өкүлдөрү үчүн атайын орундар каралып, VAR системасын орнотууга бардык шарттар түзүлдү.