USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Шакиранын концертине 28 өлкөнүн жарандары билет алды

12:20, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын эң ири «Bishkek Arena» стадионунда дүйнөгө белгилүү ырчы Шакиранын 18-октябрда өтө турган концертине даярдык көрүү боюнча масштабдуу техникалык иштер башталды.

Учурда адистер сахналык конструкцияларды монтаждоого жана аянтчаны алдыдагы ири шоуга даярдоого киришти.

Шакиранын концертине билеттерди буга чейин дүйнөнүн 28 өлкөсүнүн жарандары сатып алышкан.Алдыдагы шоу дүйнөлүк жылдыздын Борбордук Азиядагы биринчи концерти болот.

Кыргызстандын жана Казакстандын туристтик компаниялары менен биргеликте концертке билеттерди, трансферди жана жайгашууну камтыган даяр турпакеттерди сатуу да уюштурулду.

Уюштуруучулар көрүүчүлөрдү билеттерди расмий платформалар жана текшерилген операторлор аркылуу гана сатып алууга чакырат. Алдамчылыкка кабылбаш үчүн билеттерди социалдык тармактар, жеке билдирүүлөр жана белгисиз ортомчулар аркылуу сатып алуу сунушталбайт.

Шакиранын Бишкектеги тарыхый концертине 10 гана күн калды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18