USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Селекция айылында суу убактылуу өчүрүлөт

10:37, 18 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

20-ноябрда Селекция айылында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынан билдирди

Суу берүү саат 10:00дөн 20:00гө чейин өчүрүлөт. Чектөөлөр турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, медициналык мекемелерге, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине тиешелүү болот.

Барпы Алыкулов, Махатма Ганди, Эгиналиев жана Өмүр көчөлөрү чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

1794973095981-5d9c5766-82b6-4520-bef0-677223f593b6-a441a865-0ba6-421e-abae-21d26b2e6790jpg-optimized.webp

Бул убакыт аралыгында адистер Махатма Ганди көчөсүндөгү диаметри 273 миллиметр болгон жаңы суу түтүгүн кошуу иштерин жүргүзүшөт.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18