USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкектеги үч конушта суу убактылуу өчүрүлөт. Себеби

08:29, 05 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарында суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берилбейт.

Суу «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

Мындан улам «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18