USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Эртең Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

08:45, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

5-ноябрда эртең мененки саат 9.00дөн кечки 17.00гө чейин «Ак-Жар», «Ак-Бата» жана «Келечек» конуштарына ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.

Суу берүү турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик курулуштарында, ошондой эле өнөр жай объекттеринде чектелип өчүрүлөт.

1793366517657-9ecdc18f-b601-4589-b054-142b71ab2bcb-86447919211399460752832554687624063864055686njpg-optimized.webp

Суунун убактылуу өчүрүлүшү шаардык суу түтүктөрү тармагындагы «Ак-Жар» жана «Ак-Бата» суу топтогучтарындагы оңдоо-профилактикалык жумуштарга байланыштуу болууда.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдарды, тургундарды алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18