USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда айылдардын 41 пайызы гана таза суу менен камсыздалган

15:02, 16 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда айылдардын 41 пайызы ичүүчү таза суу менен камсыздалган. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары — Суу ресурстары кызматынын директору Бактыбек Анаркулов келтирди.

Анын айтымында, өлкөдө 2 миң 14 айыл жана 34 шаар бар.

«Ичүүчү суу менен 836 айыл же 41 пайыздан бир аз ашыгы камсыз болгон. Мындан тышкары, 405 айылда реабилитациялоо иштери талап кылынат, бул жалпы сандын 20 пайызын түзөт. Дагы 773 айыл же 38 пайызы суу менен камсыздоо курулушу же долбоорлоо стадиясында турат», — деп белгиледи Бактыбек Анаркулов.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, 331 айылды таза суу менен камсыздоо мамлекеттик бюджеттин эсебинен, ал эми 416 айылдыкы эл аралык долбоорлордун эсебинен каржыланууда.

Депутаттар калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштерди сынга алышып, бул тармакка ири каражат салынганына карабастан, дагы эле көптөгөн айылдар суусуз калып жатканын белгилешти.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18