Кыргызстанга суу тартыштыгы: Окумуштуулардын 2050-жылга чейинки божомолу
2050-жылга карата Борбор Азиянын айрым аймактарында жай айларындагы дарыя агымынын көлөмү 50 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына жана гидроэнергетикага коркунуч туудургандыктан, Кыргызстан аймактагы эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Бул тууралуу Потсдам климаттын таасирин изилдөө институтунун (Германия) жетекчилиги астында даярдалган жаңы эл аралык изилдөөдө айтылат.
Изилдөөгө 37 уюмдан 86 окумуштуу жана адис катышкан. Алар глобалдык жылуулуктун Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан үчүн кесепеттерин изилдеп чыгышкан.
Изилдөөчүлөрдүн баамында, Борбор Азия дүйнөлүк орточо темпке караганда кыйла тез ысып жатат. Парник газдарынын көп бөлүнүп чыгуу сценарийинде XXI кылымдын аягына карата аймактагы температуранын жогорулашы индустриалдык мезгилге чейинки деңгээлге салыштырмалуу 6 градуска жакындашы мүмкүн.
Жылуулуктун негизги кесепеттеринин бири мөңгүлөрдүн азайышы болот. Климаттык сценарийге жараша Борбор Азиянын мөңгүлөрү 2100-жылга карата өз көлөмүнүн 85 пайызга чейинкисин жоготушу ыктымал.
Окумуштуулар азыркы учурда мөңгүлөрдүн эриши дарыяларга суунун келишин убактылуу көбөйтүп жатканын эскертишет. Бирок бул көрүнүш чексиз уланбайт. Мөңгү запастары түгөнгөн сайын эриген суунун көлөмү азая баштайт.
Бул процесс өзгөчө басымдуу бөлүгү Кыргызстандын аймагында жайгашкан Тянь-Шань тоолорунда тез байкалышы мүмкүн. Изилдөөчүлөрдүн баамында, бул жердеги мөңгүлөрдүн түгөнүшү Памир тоо системасына караганда эртерээк башталат.
Эң олуттуу кесепеттер жылдын жылуу мезгилинде күтүлүүдө. Каралган климаттык сценарийлерге ылайык, кылымдын ортосуна карата июль айынан сентябрга чейинки мезгилде Борбор Азиянын айрым бассейндеринде дарыя суусунун көлөмү 50 пайызга чейин азайышы мүмкүн.
Дал ушул айларда айыл чарбасы сугат суусуна жогорку муктаждыкты сезет. Аймактын айрым өлкөлөрүндө сугат дыйканчылыгы жалпы суу алуунун 92 пайызына чейинкисин камсыздайт.
Кыргызстан үчүн дарыя агымынын өзгөрүшү электр энергетикасынын гидроэлектростанциялардан көз карандылыгынан улам өзгөчө көйгөй жаратат. Жеткиликтүү суу ресурстарынын кыскарышы жана агымдын сезондук бөлүштүрүлүшүнүн өзгөрүшү энергетиканын, айыл чарбасынын жана коңшу мамлекеттердин муктаждыктарынын ортосундагы атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн.
Изилдөөнүн авторлору ошондой эле кургакчылыкка, экстремалдык аба ырайы кубулуштарына жана тоо экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу климаттык тобокелдиктердин өсүшү жөнүндө эскертишет.
Окумуштуулардын пикиринде, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери жаратылыш ресурстарына гана эмес, экономикалык туруктуулукка, азык-түлүк коопсуздугуна жана Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерге да таасирин тийгизиши мүмкүн.
Изилдөөчүлөр трансчегаралык суу ресурстарын биргелешип башкаруу, мөңгүлөргө байкоо жүргүзүү системаларын өнүктүрүү жана айыл чарбасы менен энергетиканы жаңы климаттык шарттарга ыңгайлаштыруу зарылдыгын баса белгилешет.
ИзилдөөSpringer NatureбасмасытарабынанTowards Sustainable Future of Central Asia: Analysis of Climate, Resources and Human Security (»БорборАзиянынтуруктуукелечегинекарай.Климатты, ресурстарды жана адам коопсуздугун талдоо») деген аталыш менен жарыяланды.