USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Мээрим Жуманазарова UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү

07:45, 05 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу UWW сайтында айтылат.

UWW версиясы боюнча жаңыртылган рейтинг Астанада 24-октябрдан 2-ноябрга чейин өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн.

Бул турнирде биздин мекендешибиз 68 килограммга чейинки салмакта чыгып, күмүш медаль уткан.

Бул жыйынтык ага 64 миң 800 упай топтоого мүмкүндүк берди.

Акжол Махмудов рейтингде алтынчы орунду ээледи. Астанадагы дүйнө чемпионатында коло медаль алгандан кийин, ал 36 миң 800 упай топтоп, дароо 42 орунга өйдөлөгөн.

Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде экинчи ордун сактап калды. Кыргызстандык балбандын куржунунда 54 миң 500 упай бар.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18