USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Лионель Месси Аргентина курамасындагы карьерасын расмий түрдө аяктады

09:44, 07 октября 2026, Бишкек - 24.kg

«Интер Майами» клубунунчабуулчусу Лионель Месси Аргентина курама командасындагы карьерасын жыйынтыктады.

39 жаштагы аргентиналык форвард улуттук курама үчүн өзүнүн коштошуу матчын өткөрдү. Бул Буэнос-Айрестеги «Монументаль Антонио Веспуччи Либерти» стадионунда Бенинге каршы өткөн жолдоштук беттеште орун алды. Аргентина атаандашын 3:0 эсебинде жеңип, Месси бир гол киргизип, эки голдук пас берди.

Эске салсак,Месси Аргентина курамасындагы дебютун 2005-жылдын августунда Венгрияга каршы жолдоштук беттеште (2:1) жасаган. Ал аргентиналыктар үчүн өткөргөн 208 беттеште жалпысынан 126 гол киргизип, 70 натыйжалуу пас берген. Анын курамында ал Дүйнө чемпионатын (2022), эки Америка кубогун (2021, 2024) жана Финалиссиманы (2022) утуп алган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18