Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн каражат 2027-жылдын бюджетине киргизилет. Бул тууралуу президенттин Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Жергиликтүү тургундар таза суунун жетишсиздиги маселесин көтөрүштү. Алардын айтымында, шаарда суу менен камсыздоонун туруктуу өздүк булагы жок, ошондуктан суу Кадамжай жана Ноокат райондорунан алынып келинет.
Исфайрам дарыясынан 25 чакырымга созулган суу түтүгүн тартуу долбоору даяр, бирок аны ишке ашыруу үчүн каржылоо жетишсиз болууда.
Министрлер кабинетинин өкүлдөрү билдиргендей, Кызыл-Кыя мэриясына эл аралык банктардын насыяларын тартуу сунушталган. Бирок жергиликтүү бийлик бул варианттан баш тартып, маселени республикалык бюджеттин эсебинен чечүүнү суранган.
Жергиликтүү бийликтин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, долбоорду ишке ашырууга 900 миллион сом керектелет. Президент бул сумманы 2027-жылдын бюджетинде кароону тапшырды.