USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Бүгүн Новопавловкада суу убактылуу токтотулат

08:30, 19 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн,19-ноябрда Новопавловкада суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү саат 10:00 дөн 20:00 гө чейин өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Ворошилов — Абакан — Крупская — Степная — Северная — Усупбаев — Көк-Кыя көчөлөрү.

Суу берүү № 118 мектеп-гимназиясынын жаңы имаратындагы түтүктү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18