USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Кыргызстанда Олимпиада чемпиондоруна ай сайын 30 миң сомдон өмүр бою төлөнөт

10:38, 10 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Олимпиада, Паралимпиада жана Сурдлимпиада оюндарынын чемпиондору жана байге ээлерине, ошондой эле олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дүйнө чемпиондоруна өмүр бою берилүүчүай сайын төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмү бекитилди. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документ өлкөнүн алдыңкы спортчуларына стипендия төлөө тартибин жөнгө салуучу өкмөттүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизет.

Өзгөртүүлөргө ылайык, спорттук стипендияларды төлөөнүн белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык чемпиондор жана байге ээлери өмүр бою ар ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү алышат.

Стипендиялардын өлчөмү төмөнкүдөй болот:

  • 1-орун үчүн — ай сайын 30 миң сом;
  • 2-орун үчүн — 25 миң сом;
  • 3-орун үчүн — 20 миң сом;

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону наамы үчүн — 20 миң сом.

Бул учурда эгер спортчу бир нече титулга ээ болсо, өмүрбою берилүүчү стипендия эң жогорку төлөмдү караган бир гана жетишкендик үчүн төлөнөт. Ар кандай титулдар үчүн стипендияларды бириктирүүгө жол берилбейт.

Мындан тышкары, токтом менен алдыңкы спортчуларга стипендия дайындоодо эске алынуучу спорттук жетишкендиктердин категориялары жаңыртылды. Тизмеге Олимпиада, Паралимпиада, Сурдлимпиада жана Азия оюндарынын, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын, Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын, Ислам тилектештик оюндарынын жана башка эл аралык мелдештердин жыйынтыктары кирет.

Каржы министрлигине 2027-жылга жана 2028–2029-жылдарга пландан тышкары мезгилге республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү даярдоодо зарыл болгон чыгымдарды эске алуу тапшырылды.

Жаңы эрежелер 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18