USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Кыргызстан жана Беларусь 30 күнгө чейинки мөөнөткө милдеттүү каттоодон бошотот

16:02, 18 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда Кыргызстан менен Беларусь өкмөттөрүнүн ортосундагы эки өлкөнүн жарандарынын болуу тартиби тууралуу макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Документке ылайык, Беларуста убактылуу жүргөн Кыргызстан жарандары жана республикабызга келген Беларусь жарандары келип түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде келген жери боюнча милдеттүү каттоодон бошотулат.

Макулдашуу 2025-жылдын 29-сентябрында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Беларуска расмий сапарынын учурунда кол коюлган.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, макулдашууну ишке ашыруу жарандардын өз ара сапарларын жеңилдетип, эки мамлекеттин ортоusндагы экономикалык, туристтик жана башка байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18