Ала-Арчада өспүрүмдүн каза болушу: Жогорку Кеңеш иликтөөнүн жыйынтыгын күтүүдө
Жогорку Кеңеш Ала-Арча капчыгайында тоого чыгып, каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнүн чоо-жайы боюнча маалымат алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда окуянын чоо-жайын аныкташы керек болгон комиссия иштеп жатат.
Кабарлангандай, текшерүүнү Башкы прокуратура жана Аскердик прокуратура жүргүзүүдө. Жумуш аяктагандан кийин тиешелүү ведомстволор маалымат беришет.
Марлен Маматалиев парламент иликтөөнүн жыйынтыгын алгандан кийин бул маселени тармактык комитеттин жыйынында же пленардык жыйында өзүнчө карашы мүмкүн экенин белгиледи.
Эске салсак, жакында 14 жаштагы өспүрүм тоодо адашып каза болгон. Кечээ аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты.