USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

ЖК суу объекттерин коргоо боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

11:04, 12 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын суу объекттерин коргоону күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Болот Ибрагимов, Табылды Муратбеков, Токтобүбү Ашымбаева, Адилет Белеков, Рахат Жунушбаева, Болот Сагынаев, Айбек Алтынбеков, Максат Алымбеков, Улан Сариев, Махабат Мавлянова, Салтанат Аманова жана Болотбек Борбиев.

Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Максат Алымбеков белгилегендей, документ Кыргыз Республикасынын суу объектилеринин экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү, чарбалык жана башка ишмердиктин терс таасирин алдын алуу, ошондой эле жарандардын ыңгайлуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.

«Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын суу объекттерин, атап айтканда, республиканын аймагындагы бардык көлдөрдү, анын ичинде бийик тоолуу көлдөрдү, анын ичинен Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек, ошондой эле суу сактагычтарды (Токтогул, Орто-Токой, Киров, Папан, Кара-Буура, Ала-Арча, Базар-Коргон ж. б.), алардын суу коргоо зоналарын, жээк тилкелерин, ошондой эле аларга чектеш суу топтолуучу бассейндерди жана суулуу-саздак жерлерди коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салууга багытталган», — деп кошумчалады Максат Алымбеков.

Талкуу маалында депутат Умбеталы Кыдыралиев кайсы объекттер суу объекттеринин категориясына кирерин тактап, суу сактагычтар Суу кодексинде өзүнчө көрсөтүлбөгөнүнө көңүл бурду. Ал эми эл өкүлү Эдита Тайгараева айыл өкмөттөрүндө баштапкы документтердин жоктугу сугат суу объекттерин өткөрүп берүүдө кыйынчылыктарды жаратып жатканын жүйө келтирип, мындай объекттерди нөлдүк баланс менен өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Депутат Джайлообай Нышанов экологиялык коопсуздук маселесин көтөрүп, суу объекттеринде чачынды алтын казуу иштери жүргүзүлүп жатканын, бул айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.

Андан тышкары, жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да биринчи окууда колдоого ээ болду.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын (даттанууларын) кароо тартибин өркүндөтүү болуп саналат.

Муну менен катар жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18