USD87.45EUR96.21RUB1.06
24.kg

Быйыл Кыргызстанда ар кандай кырсыктардын кесепетинен 302 адам каза болду

14:14, 17 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жыл башынан бери 3 миң 649 ар кандай кырсык катталып, анын кесепетинен 302 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу кырсыктардын жалпы саны азайганына карабастан, каза болгондордун саны 24 адамга көбөйгөн.

ӨКМдин 2026-жылдын 15-ноябрына карата маалыматы боюнча, катталган кырсыктардан келтирилген материалдык чыгым 1 миллиард 269 миллион сомду түздү.

Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул мезгилинде 3 миң 816 кырсык болуп, 278 адам каза тапкан, ал эми материалдык чыгым 1 миллиард 735 миллион сомго жеткен. Ошентип, кырсыктардын саны 167 учурга азайып, материалдык чыгым 466 миллион сомго кыскарган.

Министр өзүнчө белгилегендей, ушул жылдын башынан бери өлкөдө 42 өзгөчө кырдаал катталып, андан 42 адам каза болгон. Келтирилген чыгым 468 миллион 502 миң сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде 14 өзгөчө кырдаал болуп, 32 адам каза тапкан, ал эми чыгым 60 миллион сомго бааланган.

Жыл башынан бери Кыргызстанда 2 миң 709 өрт кырсыгы катталды — бул 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 509 учурга аз.

Өрттөн келтирилген материалдык чыгым 1 миллиард 213 миллион сомду түзүп, өткөн жылкы көрсөткүчтөн 518 миллион сомго төмөн болду.

Өрт кырсыктарынан 22 адам каза болду (2025-жылы 46 адам каза болгон). Дагы 30 адам жабыркап, бешөөнү куткарууга мүмкүн болду.

Канатбек Чыныбаевдин айтымында, жыл башынан бери ӨКМ бөлүмдөрү 428 адамды куткарган. 2025-жылы ушул мезгилде 368 адамга жардам көрсөтүлгөн.

Атап айтканда:

  • 113 адам — жол-транспорт кырсыктарында;
  • 292 адам — экстремалдык кырдаалдарда;
  • 14 адам — суу объектилеринде;
  • 4 адам — шахталарда;
  • 5 адам — өрт кырсыктарында куткарылды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18