Кыргызстан 2028-жылкы жайкы Олимпиадага 30га чейин жолдомо алууну көздөп жатат
Кыргызстан Лос-Анжелесте өтө турган 2028-жылдагы жайкы Олимпиада оюндарына 24төн 30га чейин олимпиадалык жолдомо алууну көздөп жатат. Талаптарды жана тапшырмаларды өлкө бийлиги спорт тармагынын алдына койду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев «Биринчи радиодон» билдирди.
Анын айтымында, минималдуу милдет — 24 жолдомо, ал эми максималдуусу — 30 жолдомо алуу керек. Кеп медалдардын саны эмес, спортчуларга Олимпиада оюндарына катышууга укук берген жолдомолор жөнүндө болуп жатат.
«Бизге минимум 24, максимум 30 лицензия алуу милдети коюлган. Медалдар жөнүндө азырынча айта албайм. Биринчи кезекте Олимпиадага катышуу укугун жеңип алуу керек», — деди Асанбаев.
Ал 2027-жылы кыргызстандык спортчулар олимпиадалык жолдомолор ойнотула турган тандоо турнирлерине катыша турганын белгиледи.
Федерациялар даярдык пландарын сунуштай башташты. Айрымдары белгилүү спорт түрлөрү боюнча 2–3төн жолдомо алууну пландашууда. Мамлекет улуттук курама командаларды даярдоону, спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусун жана окуу-машыгуу жыйындарын каржылоону улантат.
Муну менен катар спорттук федерацияларга коюлган талаптар күчөтүлөт. Мамлекеттик колдоонун көлөмүн алардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына байланыштыруу пландалууда.
«Эгерде федерация жакшы иштеп, жыйынтык көрсөтсө, биз ага тиешелүү каржылоону бөлүп беребиз. Эгер жыйынтык жок болсо, чектөөлөрдү киргизип, талаптарды коебуз», — деп түшүндүрдү ал.
Агенттиктин башчысы ошондой эле Кыргызстанда көптөгөн спорт түрлөрүнүн өнүгүшүнө заманбап инфратүзүмдүн жетишсиздиги тоскоол болуп жатканын моюнга алды.
Мамлекет өлкө үчүн салттуу түрдө ийгиликтүү болгон күрөш түрлөрүнө гана эмес, сүзүү, фехтование, гимнастика жана башка спорттук дисциплиналарга да көбүрөөк көңүл бурууну көздөп жатат.
Кыргызстандык спортчулар төрт жылдыктын башкы эл аралык мелдешине катышуу укугуна ээ болуу үчүн тандоо мелдештеринен өтүшү керек.