Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын ноябрь айынын репертуары жарыяланды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин социалдык тармактагы расмий баракчасында айтылат.
Кыргыз театрынын кылымдык тарыхын уланткан 100-сезондо сахна төрүндө көрүүчүлөрдү ар түрдүү тагдырларды баяндаган, терең ойго салган жана жүрөккө жеткен спектаклдер күтөт.
Сахнадагы ар бир чыгарма — өзүнчө дүйнө. Ар бир каарман — өзүнчө тагдыр. Ал эми ар бир спектакль — көрүүчү менен актерду бириктирген өзгөчө ирмем.

Күздүн ар бир кечинде театр сүйүүчүлөрүн ар түрдүү тагдырларды баяндаган, терең ойго салган жана көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жеткен спектаклдер күтөт.
Бардык спектаклдер саат 18:30дө башталат.