USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Күрөш легендасы, эркин күрөш боюнча спорт чебери Жеңиш Донбаев дүйнөдөн кайтты

09:20, 05 октября 2026, Бишкек - 24.kg

83 жашында эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргызстандын жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңиш Донбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

3411955.908b5dce218eae09f7b43c869b265da7.jpg

Ал 1945-жылы 12-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылында туулган. 1965-жылдан күрөшкө катыша баштап, союздук жана эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып, 1972-жылга чейин күрөшүп, өлкөбүздү дүйнөгө тааныткан. 1969-72-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон.

Жеңиш Бекбоевичстуденттик курагындареспубликанын бир нече жолку, Бүткүл союздук «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңеши менен СССР профсоюздарынын Х спартакиадасынын (1969) чемпиону болуп, алтын медаль

Ал1969-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүрүп, бүт өмүрүн спортко арнап, 1970-1991-жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыруучу болуп эмгектенген. 1991-1996-жылдары Республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу болсо, 1996-1999-жылдары башкы устат катары жетектеген. Олимпиадалык даярдоо борборунда балбандарга таалим-тарбия берген. 1999-жылдан 2009-жылга чейин күрөш жана бокс боюнча адистештирилген «Олимпиадалык резервдер» мектебинин директору болуп кызмат өтөп, жүздөгөн чемпиондорду тарбиялаган.2009-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын күрөштү өнүктүрүү борборунун жетекчиси болгон.2011-жылдан бери машыктыруучу болуп жигердүү иштеген.Өмүрүнүн акырында ооруп калганга чейин Бишкек шаарындагы Ленин райондук балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резерв «Илбирс» спорт мектебинде машыктыруучу болуп, бай тажрыйбасын жаштарга үйрөткөн.

Даңазалуу устат Жеңишбек Дөңбаев ондогон чебер балбандарды тарбиялапөстүргөн. Алардын катарында Кенжебек Өмүралиев, Чынарбек Изабеков, Нурбек Изабеков, Максат Бобурбеков, Нурдин Дөңбаев, Алмазбек Аскаров, Асейин Төрөгелдиев, Байгазы Кенжебаев, Руслан Мажинов, Болот Өмүракунов, Ислам Тазабеков жана башка жүздөгөн чемпиондор, спорт чеберлерибар. Шакирти, дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсүКенжебек ӨмүралиевСССРдин 6, Европанын 4, СССР Элдеринин спартакиадасынын, КРнын бир нече жолку чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери болгон.1991-жылы эгемендик алганыКыргыз спортчулары үчүн эл аралык мелдештерге катышканга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылып, Жеңиш Бекбоевич даярдаган шакирттери өлкөбүздү дүйнөгө, Азияга таанытты.

Жеңишбек Бекбоевич 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. 2001 -жылы «КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамына арзыган. Бир нече жолу «жылдын мыкты машыктыруучусу» деп аталган.

6-октябрда Жеңиш Бекбоевич Дөңбаевди акыркы сапарга узатуу зыянаты, аза күтүү митинги Жаштык Аренасында өткөрүлүп, сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18