USD87.45EUR95.71RUB1.06
24.kg

Криштиану Роналдунун уулу биринчи жолу Португалия курама командасына чакырылды

07:45, 04 ноября 2026, Бишкек - 24.kg

«Алтын топ» сыйлыгынын беш жолку ээси Криштиану Роналдунун уулу Криштиану душ Сантуш биринчи жолу Португалиянын 17 жашка чейинки (U17) курама командасына чакырылды. Бул тууралуу Португалия футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Португалиянын U17 курама командасы Европа чемпионатынын тандоо этабынын биринчи раундунда Андоррага (11-ноябрь), Болгарияга (14-ноябрь) жана Сербияга (17-ноябрь) каршы ойнойт. Бардык матчтар Португалияда өтөт.

Криштиану Роналдунун уулу 16 жашта, ал атасы негизги курамында ойногон Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунун өспүрүмдөр командасында ойнойт. Буга чейин кичүү Криштиану Португалиянын U16 жана U15 улуттук курама командаларында ойногон.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18