USD87.44EUR95.46RUB1.07
24.kg

Комузчулардын республикалык ачык сынагы өткөрүлөт

08:00, 08 октября 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын эл артисти, көрүнүктүү комузчу жана күүчү Намазбек Уралиевдин 70 жылдык мааракесине карата комузчулардын республикалык ачык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Сынак кыргыздын салттуу музыкалык өнөрүн колдоо жана өнүктүрүү, улуттук музыкалык мурасты сактоо, ошондой эле таланттуу комузчуларды аныктап, алардын чыгармачылыгын колдоого багытталган.

838001254_1075058041947056_3547218225744910488_n.jfif

Сынакка катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынат. Тандоо туру 22-октябрда К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт.

Мааракелик салтанаттуу иш-чара жана сынактын жеңүүчүлөрүнүн гала-концерти 24-октябрда саат 14:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

Иш-чара кыргыздын комузчулук өнөрүн кеңири жайылтууга, салттуу музыкалык маданиятты сактоого жана анын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө багытталган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18