Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым аймактарында таза суу убактылуу өчүрүлөт
8-октябрда эртең мененки саат 9:00дөн кечки 20:00гө чейин турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо объекттерине жана башка социалдык-тиричилик дагы, өнөр жай дагы объекттерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу өчүрүлүүчү аймак: Чыңгыз Айтматов проспектиси — темир жол линиясы — Ала-Арча дарыясы — Бөкөнбаев — Кулиев — Моска — Дмитров — Орозов — Казаков көчөлөрү — Чүй проспектиси — Ала-Арча дарыясы — Жибек Жолу проспектиси — Айдарбеков — М. Фрунзе — Турусбеков көчөлөрү — Чүй — Чыңгыз Айтматов проспектилери — темир жол линиясы.
Суу менен камсыздоонун убактылуу токтотулушу «Батыш-2» суу топтогучундагы жана шаардык суу түтүк тармактарындагы оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу болууда.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тургундардан, уюмдардан алдын ала ичүүчү суу камдап алууну суранат.