Испанияда поездердин кагылышуусунан каза болгондордун саны 64 адамга жетти
Испанияда поезддердин кагылышуусунан каза болгондордун саны 64 адамга жетти. Жок дегенде 200 адам жабыркады.

«Темир жол кырсыгынан каза болгондордун саны 64кө жетти», — деп билдирди Кастилия-Ла-Манча автономиялуу коомчулугунун өкмөт башчысы Эмилиано Гарсия-Пахе.
Эскерте кетсек, трагедия Мадрид — Андалусия жогорку ылдамдыктагы темир жол багытында кечээ эртең менен болгон.
Алдын ала версия боюнча, борбор шаардан Севильяга жөнөп кеткен AVE ылдам жүрүүчү поезди Iryo жеке операторунун составын сүзүп, анын акыркы эки вагон рельстен чыгып, насыпайдан кулап түшкөн.
Испаниянын транспорто министри Оскар Пуэнте кагылышуу коопсуздук системасы өчүп калышына алып келген компьютерлердин ишиндеги катачылыктан кийин болгонун билдирди.
Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес үч күндүк улуттук аза күтүү күнүн жарыялады.