Бишкекте самокаттардын айынан 30дан ашык адам жабыркап, бир адам каза болду
Бишкекте 2026-жылдын 10 айында самокаттардын катышуусунда 28 жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу шаардык кеңештин тармактык комиссиясынын жыйынында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын (МККБ) өкүлдөрү билдиришти.
Кайгуул кызматкерлеринин айтымында, 1 адам каза болуп, 31 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Жыйында самокаттардын ылдамдыгын саатына 15 чакырымга чейин чектегенден кийин, алардын катышуусундагы кырсыктардын саны эки эсеге азайганы белгиленди.
Скутерлерге жана мопеддерге тротуарларда жүрүүгө тыюу салынган, алар унаа жүрүүчү бөлүк менен жүрүшү керек.
«Бирок алар бул чараны сакташпайт. Электросамокаттар, скутерлер жана мопеддер жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратууда, атайын бөлүнгөн тилкеси жок тротуарларда жүрүүгө тыюу салуу керек. Бирдиктүү жолдор тармагы болушу шарт, ал эми жалпысынан артыкчылык жөө жүргүнчүлөрдө калышы керек. Ансыз деле тротуарлар тар, талкаланган, басуу мүмкүн эмес, адамдар буйтап жетишпей калып, авариялык кырдаалдар жаралууда», — деп кейиди депутат Казыбек Эргешов.
Бирок, кайгуул кызматкерлеринин айтымында, самокат тепкендер унаа жолдорунда жүрө алышпайт. Алардын габариттик жарыктары, айдоочулук күбөлүктөрү жана башка тиешелүү жабдуулары жок.
Вице-мэр Рамиз Алиев самокат тепкендер шаардыктар үчүн «чыныгы көйгөй» жаратып жатканын мойнуна алды.
«Биз жеке мобилдүүлүк каражаттарынын агымын кандайдыр бир жол менен жөнгө салышыбыз керек. Бүгүнкү күндө шаарда 80 чакырымга жакын веложол бар. Саатына 15 чакырым чектөөгө келсек — биз жаңы көйгөйгө туш болдук. Эгер расмий ижарага берилүүчү самокаттарга ылдамдыкты чектөө рычагы жана атайын токтотуучу жайларыбыз болсо, биз чектей албаган жеке менчик самокаттар абдан көп. Бирок биз сунуштарды даярдап жатабыз, ошондой эле ИИМ тарабынан да өзгөртүүлөр даярдалууда», — деди аткаминер.
Ал тротуарларды кеңейтүү жашыл аймактардын кыскарышына алып келерин — башка бош жер жок экенин кошумчалады.